Ирактагы абалдан кийин АКШ бийлиги көзөмөлүн күчөттү

Вашингтон: Багдаттагы элчилик өз иш-аракеттерин улантат.

97040
Ирактагы  абалдан кийин АКШ бийлиги көзөмөлүн күчөттү

Вашингтон, Багдаттагы элчилик өз иш-аракеттерин улантаарын, элчилик кызматкерлеринин бир бөлүгү гана башка жактарга жөнөтүлөөрүн билдирди.
АКШнын Тышкы иштер министирлиги билдиргендей Ирактагы кээ бир аймактарда уланып жаткан зомбулук жана туруксуздуктан улам Багдад элчилигиндеги абал көзөмөлгө алынган.
Берилген маалыматтарга караганда элчилик кызматкерлеринин бир бөлүгү Басра, Эрбил жана Омандагы консулдукдарга жөнөтүлүшөт.
Коргоо министрлиги да Багдат элчилигинде коргонуу күчтөрүн көбөйтүшкөнүн билдиришти.
Пентагон элчиликте иштеген кызматкерлерди эвакуациялоо үчүн атайын учак даярдагандыгын айтты.
Бир тараптан АКШ бийлиги Тикритте 1700 шиит аскерлеринин Ирак аль-Шам Ислам мамлекети (IŞİD)террордук уюм тарабынан өлтүрүлгөндүгүн ырастабай тургандыгын айтты.
Берилген маалыматтарда, зомбулук менен жасалуучу ыкмалардын бардыгы жалган жалаа экендигин билдиришкен.
Вашингтон учурдагы абалдан кийин Ирак элин Ирак аль-Шам Ислам мамлекети (IŞİD) террордук уюмдун тероруна каршы бирдиктүү иш-аракеттерди жасоого чакырды.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар