3 космонавт жер шарына кайтып келди

67998
3 космонавт жер шарына кайтып келди

Эл аралык космостук станциядагы кызматтарын аяктаган үч космонавт кечээ жер шарына кайтып келди.
Космосто 188 күн калган орус космонавт Михаил Тюрин, америкалык космонавт Рик Мастраккио жана япон космонавт Коичи Вакатаны ташыган Орусиянын «Союз» космостук кемесинин жерге түшүрүүчү аппараты Казакстанга конду.
Космонавттардын ал-абалдарынын жакшы экени белгиленди.
Ал эми орус космонавттар Александр Скворцов, Олег Артемьев жана америкалык космонавт Стив Суонсондун космостук станциядагы иш-чаралары уланып жатканда, аларды коштоп жүрүүсү үчүн дагы үч космонавт 28-майда космоско жөнөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар