Санкция тизмеси жарыяланды

Европа Биримдиги тизмеге алган эки фирма болсо конфискацияланган Черноморнефтегаз менен Феодосиа болду

66868
Санкция тизмеси жарыяланды

Европа Биримдигинин (ЕБ) Украинадагы кризис менен байланыштуу болгон санкция тизмесине киргизүү чечимин чыгарганын жана биримдикке мүчө өлкөлөргө саякатка тыюу салуу менен мал – мүлкүнүн тоңдурулуусу чараларынын ишке аша турган 13 киши жана 2 фирманын ысымдары Европа Биримдигинин расмий гезитинде жарыяланды. Тизмеде Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын ысымдардан болгон жана Орусияга кошулган Украина жерлеринин саясий интеграциядан жооптуу Вячеслав Викторович Володин орус армиясынын жогорку мартабалуу командирлеринен Владимир Шаманов жана Думанын конституциялык комиссиясынын төрагасы Владимир Николаевич Плигин орун алды. Бул үч ысым менен бирге Крымда жашагандарга орус паспортун берген федералдык миграция сервисинин Крым офисинин башындагы Петр Григориевич Жарош ошол эле сервистин Севастополь офисинин башындагы Олег Григориевич Козюр менен Славянскта өзүн мэр деп жарыялаган Вячеслав Пономариов да орун алды.
Тизмеде айрыкча Украинага караштуу расмий имараттардын колго алынуусунда роль алган Игорь Николаевич Безлер : «Донецк Элдик Республикасы» аттуу куралдуу күчтөрдүн лидерлеринен Игорь Какидзианов мүчөлөрүнөн Роман Лиягин, Рада мүчөсү Олег Чариов Луганскта референдумду өткөргөн комитеттин башындагы Александр Малыхин Крым прокурору Наталия Владимировна Поклонская жана Севастополь прокурору Игорь Сергеевич Шевшенко бар. Европа Биримдиги тизмеге алган эки фирма болсо конфискацияланган Черноморнефтегаз менен Феодосиа болду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар