Референдумдун алдындагы кагылышуулар

Славянск шаарынын жакын жеринде кечээ референдумдун алдында коопсуздук күчтөрү менен жикчилдердин арасында кагылышуу болду.

65657
Референдумдун алдындагы кагылышуулар

Украинанын куралдуу күчтөрү курчоого алган Славянск шаарынын жакын жеринде кечээ референдумдун алдында коопсуздук күчтөрү менен жикчилдердин арасында кагылышуу болду.
Бир жикчил маалымдагандай Славянскка жакын жерде жайгашкан аскердик бөлүктөр шаардын кире беришинде орусиячылдар курган тосмолорго кол салганын, окуяда каза тапкандар болгонун айтты.
Ал жикчил өкмөттүк күчтөр шаардын чөйрөсүндөгү Андреевка, Сененовка жана Комбикормскка жакын жерде орусиячылдар курган тосмолорго оор куралдар менен ок атканын, кол салуудан жаракат алган айрым кишилердин ооруканаларга жеткирилгенин билдирди.
Бир тараптан Украинанын расмий маалымат булактарынын маалыматында Славянсктын кире беришинде жүргүзүлгөн бир операцияда жикчилдер түзгөн куралдуу топтун мүчөлөрү кармалганы, бул кишилердин референдумда колдонуш үчүн 100 миңден ашуун добуш бюллетенин шаарга алып келишкендери билдирилди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар