ТРТ Тарыхча

Тарыхый таржымалыбыз

  • 1964-жыл 1- май:
    Бул күнү 359-мыйзамдын кабыл алынышы менен ТРТ мекемеси негизделди жана радио каналдары ТРТнин тейлөө алкагына киргизилди.
  • 1968-жыл 31- январь:
     
    ТРТ Анкара телекөрсөтүүлөрү өзүнүн алгачкы сыноо берүүлөрүн баштады.
  • 1979-жыл 9- сентябрь:
    Түркия радиолору ТРТ-1 деген ат менен 24 сааттык үзгүлтүксүз берүүлөрүн баштады.
  • 1979-жыл 17- апрель:

    ТРТ алгач ирет «23- Апрель Эл аралык балдар фестивалын» уюштурду жана
    Европанын 27 каналына түз эфир аркылуу берди.
  • 1986-жыл 6-октябрь:

    ТРТ-2 телекөрсөтүү каналы өз берүүлөрүн баштады.
  • 1989-жыл 2- октябрь:

    ТРТ-3 жана ТРТ-ГАП телекөрсөтүү каналдары өз берүүлөрүн баштады.
  • 1990-жыл 28- февраль:

    Түркиянын алгачкы эл аралык каналы ТРТ-ИНТ Европада өз берүүлөрүн баштады.
  • 1990-жыл 30-июль:

    Ушул күнү ТРТ-4 теле каналы билим берүү тармагына арналган алгачкы берүүлөрүн Измирден тартуулай баштады.
  • 1990-жыл 3-декабрь:
    ТРТ «Телегүн» деген аталыш менен телетекс сыноо берүүлөрүн баштады.
  • 1992-жыл 27- апрель:
    ТРТ Евразия каналы түрк тилдүү өлкөлөргө арналган теле берүүлөрүн баштады.
  • 1998-жыл 14- ноябрь:
    Бул күнү ТРТнин алгачкы расмий кеңсеси Берлинде ачылды.
  • 1999-жыл 5-январь:
    Сандык берүүлөрдүн технологиялык борбору (САЙТЕК) курулду.
  • 1999-жыл 1-май:

    Бул күнү ТРТнин интернет барагы кызматка ачылды.
  • 1999-жыл 15-июль:
    ТРТ-ФМ жана Түркия үнү радиолорунун уктуруулары Австралиядан да обого чыга баштады.
  • 1999-ЖЫЛ 25-ИЮЛЬ:
    ТРТ–ИНТ берүүлөрүн эми бүтүндөй Австралия материгинен эле эмес Жаңы Зелландиядан да көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
  • 1999-жыл 20-сентябрь:
    Түркмөнстанда ТРТнин Ашхабад кеңсеси ачылды.
  • 1999-жыл 6-декабрь:

    Ушул күнү Радио-4 каналы түрк музыкасын калктын калың катмарына жайылтуу жана сүйдүрүү максаты менен өзүнүн музыкалык берүүлөрүн баштады.
  • 2000-жыл 7-июнь:
    ТРТ-ИНТ, Түркия үнү радиосу (ТСР) жана ТРТ-ФМ (Радио-2) берүүлөрү бул күнү Атлантика океанынын аркы жагындагы АКШ, Канада өлкөлөрүнө чейин жетти.
  • 2001-жыл 31- январь:

    ТРТ теле каналдары жаңы мекемелик күбөлүк жана эмблемаларга ээ болушту.
  • 2001-жыл 2-июнь:
    ТРТнин Азербайжан-Баку кеңсеси ачылды.
  • 2001-жылы 16-июнь: 
    Бул күнү ТРТнин Эгипет-Каир кеңсеси ачылды.
  • 2002-жыл 1-июнь:
    Бул күндөрү ТРТ мекемеси Түштүк Корея менен Жапония тарабынан Сеул жана Токио шаарларында ортоктошо уюштурулган Дүйнөлүк футбол чемпионаты боюнча (бул чемпионатта Түркия улуттук курама командасы 3-орунга ээ болгон) уюштуруучу өлкөлөр тарабынан тасмага түшүрүлгөндөрдү түз алып берүү менен бирге өзүнүн тарткандарын да түз эфир аркылуу көрүүчүлөрүнө жеткирди.
    Ошону менен катар, Европа теле-радио биримдиги, (кыскартылган аты ЕБУ/УЕР) тарыхында алгач ирет чемпионаттын берүү укуктарын сатып ала алган жок.
  • 2002-жыл 25-июнь:
    Ушул күнү ТРТнин чет өлкөдөгү 5-кеңсеси Белгиянын баш калаасы Брюсселде ачылды.
  • 2002-жыл 2-июль:

    Ушул күндөн тартып ТРТ Туризм радиосу 24 саат үзгүлтүксүз түрдө өз берүүлөрүн обого чыгара баштады. Ошондой эле Анталия-Ларадагы студиялары аркылуу англис, француз, немец, орус жана грек тилдеринде да уктурула баштады.
  • 2002-жыл 8-августь:
    ТРТнин чет өлкөдөгү 6-кеңсеси АКШнын борбору Вашингтондо ачылды.
  • 2003-жыл 24-май:
    ТРТнин демөөрчүлүгү менен Түркиянын атынан 48-Евровидение ыр сынагына катышкан Сертап Эренер «Ewry Way that I Can» аттуу ыры менен 1-орунду жеңип алды.
  • 2004-жыл 12-май:
    49-Евровидение ыр сынагы алгач ирет Түркияда мекемебиз тарабынан Стамбул шаарында уюштурулуп, эки баскыч менен өткөрүлдү жана 36 өлкөгө түз эфир аркылуу берилди.
  • 2004-жыл 20-январь:
    ТРТ-1, ТРТ-2, ТРТ-3, ТРТ-4, ТРТ-ИНТ теле каналдары жана бардык радио каналдары Түрксат-1С спутнигинин Түркия-Европа чөлкөмүн камтыган батыш шооласы аркылуу эфирге чыга баштады.
  • 2004-жыл 3-ноябрь:
    Бул күнү ТРТнин интернет барагы (www.trt.net.tr) жаңы долбоор боюнча жакшырытылган структуралык түзүлүштө жаңылануу менен тейлөө кызматына ачылды. Ошону менен бирге эле, ага бардык кабылдагычтар аркылуу көрүүгө мүмкүн болгон мазмунга бай, колдонулушу оңой, ылдам жана түшүнүктүү, телекөрсөтүү, радио, прайм-тайм программаларынын таанытылышына орун берилген жана ал программалардын түзүлүү максаты менен өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтар камтылган кошумча баракчалар да жалганды.
  • 2004-жыл 14-декабрь:
    ТРТ-ТҮРК теле каналы жана ТСР-Түркчө радио берүүлөрү Түрксат-1С спутнигинин Түркия-Орто Азияны камтыган чыгыш шооласынан өзүнүн берүүлөрүн сандык чөйрөдө жарыялай баштады.
  • 2005-жыл 24-июнь:
    Бул күнү Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте ТРТнин чет өлкөдөгү 7-кеңсеси ачылды.
  • 2005-жыл 10-августь:
    Измирде өткөрүлгөн Универсиада олимпиадалык оюндарды өлкө ичине жана чет өлкөлөргө эфир аркылуу жеткирүү иши ийгиликтүү түрдө ишке ашырылды.
  • 2005-жыл 1-ноябрь:
    ТРТ жана Азия-Тынч Океан теле-радио биримдигинин (АБУ) Азиявидение ыр сынагын өткөрүү келишими түзүлдү.
  • 2006-жыл 22-июнь:
    Буена Виста эл аралык телеканалы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Уолт Дисней компаниясына таандык мультфильм, мульт-кино жана кино тасмаларды Түркияда көрсөтүү укуктарын 4 жылдык мөөнөт менен ТРТ алды.
  • 2007-жыл 16-март:
    2010–2014 жылдардагы футбол боюнча Дүйнөлүк кубок жана ФИФАнын ар түрдүү чемпионаттарынын (конфедерация кубогу сыяктуу) берүүлөрүн жарыялоо укугу да ТРТге берилди.
  • 2008-жыл 13-20-апрель:
    44-Эл аралык президенттик велосипед туру боюнча Түркиядагы берүүлөрдүн укуктарын ТРТ мекемеси алды.